Жеке кабинетке катталыңыз жана жөнөтмөнү жөнөтүү үчүн электрондук
коштомо кагазды тариздөө оңой болот - ар бир жолу өз берилмелериңизди
киргизүүнүн кереги жок, алар өздөрү автоматтык түрдө толтурулат.
Дагы анда биздин өнөктөрдөн эң пайдалуу акциялар жайгаштырылат.
Тиркемеден жеткирүү наркын эсептесе болот жана дароо эле электрондук коштомо кагазды түзүп, сиздин бардык жөнөтмөлөрүңүздүн тарыхын көрүүгө болот..
Жеке кабинет
Жеке кабинетке катталыңыз жана жөнөтмөнү жөнөтүү үчүн электрондук
коштомо кагазды тариздөө оңой болот - ар бир жолу өз берилмелериңизди
киргизүүнүн кереги жок, алар өздөрү автоматтык түрдө толтурулат.
Дагы анда биздин өнөктөрдөн эң пайдалуу акциялар жайгаштырылат.
Мобилдик тиркеме
Тиркемеден жеткирүү наркын эсептесе болот жана дароо эле электрондук коштомо кагазды түзүп, сиздин бардык
Маанилүү! Жөнөтмөнү тариздеп жатканда, алуучунун толук аты туура көрсөтүлгөндүгүн көңүл буруп текшериңиз. Жөнөтүүнү чет өлкөгө чыгарганда, сиз көрсөткөн ат алуучунун өздүгүн күбөлөндүрүүчү документиндеги ысымга салыштырылат. Эгерде маалымат дал келбесе, оператор жөнөтмөнү бере албайт.
Москвадан Кыргызстанга жөнөтмөлөрдү жеткирүүнүн орточо мөөнөтү - 10 күн.
Жеткирүүнүн минималдуу наркы: Москвадан Бишкекке - 445 руб.
Жөнөтмөнү жөнөтүү үчүн сизге паспорт керек болот.
Сиз жөнөтмөнү жөнөтүүчү документтерди бөлүмдөн тариздеп же жеке кабинеттен даярдай аласыз. Эгерде сиз коштомо кагазды өз алдыңызча тариздеп жатсаңыз, сиз анын номерин сактап жана жөнөтмөнү качан жөнөтө тургандыгыңызды анын бөлүмүнүн операторуна билдирсеңиз болот.
Каттарды жана жөнөтмөлөрдү сактоо мөөнөтү - жүктүн берүүчү түйүнүнө келген учурдан тартып 7 жумушчу күн.
Бул убакытты көбөйтсө болот. Ал үчүн биздин өнөктүн телефонуна чалыңыз:
Кыргызстанда: BDA Express, тел.: +966 312 96 11 11 (дүй. – жум. 08:30 – 18:00, иш. - жек. дем алыш)
Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт.
Бардык таңгак бөлүмдөрдө акысыз берилет: кутулар жана ар кандай өлчөмдөгү пакеттер, ошондой эле А4 форматындагы конверттер бар.
Эгерде сиз морт салымды жөнөтүп жатсаңыз, буюмдун ички таңгагына кам көрө аласыз.
Boxberry бөлүмдөрүндө жөнөтүүлөдүн салмагы жана тыш өлчөмдөрү боюнча чектөөлөр бар.
Жөнөтмөнүн максималдуу салмагы 15 кгдан ашпоого, ал эми жөнөтүүнүн бардык жактарынын суммасы – 2.5 метрден көп эмес болууга тийиш.
Жөнөтмө же катты берүүгө мүмкүн болгондо, алуучуга SMS-билдирүү келет.
Жөнөтмөнү алып кетиш үчүн, алуучу өнөктүн Boxberry бөлүмүнө келүүгө тийиш.
Алуу үчүн талап кылынат:
Жүктүн кыймылын күнү-түнү биздин сайттан коштомо кагаздын номери боюнча караса болот.
*Получателю из Киргизии и Армении позвонит партнер Boxberry, чтобы запросить данные получателя. Это необходимо, чтобы посылка прошла таможенное оформление.
Жөнөтмөнү жөнөтүүдөн мурда, сиз тандаган өлкөгө жөнөтүүгө тыюу салынган жүктөрдүн тизмеси менен, ошондой эле эл аралык жөнөтүүлөрдүн эрежелери менен таанышууну сунуш кылабыз::
Правила и ограничения, действующие при международной доставке.
Биз дайыма жөнөтмөлөрдү берүү географиясын кеңейтип турабыз.
Азыр бизде 13 берүүчү пункту бар: Бишкекте 6, Ошто 3 жана бирден Кантта, Караколдо, Жалал – Абадда жана Нарында.